АТМОСФЕРАДАГЫ ИОНДОР
14:22, 20 Февраль (Бирдин айы) 2022 карата 556-684>KadyrM тарабынан жасалган версия
‒ атмосферадагы электр м-н заряддалган бөлүкчөлөр. Алар Күндүн ультра-кызгылткөк корпускулярдуу ж-а радиоактивдүү космостук нурлардын таасиринен пайда болот. Мында газ молекуласына ионизатордун энергиясы таасирин тийгизип, анын атомундагы сырткы электрондун бирин бөлүп ажыратат. Натыйжада бош электрон м-н оӊ заряддалган молекула келип чыгат. Бош электрон нейтралдуу молекулалар м-н тез биригип, терс иондорго айланат. Бирок мындай мономол екулалуу иондор узакка жашай албайт. Ага газдын нейтралдуу молекулалары кошулат да, туруктуу молекулага өтөт. Аны «жеӊил» ион дейбиз. Жеӊил иондор кыймылда болуп, атм-да кездешүүчү суюк же катуу бөлүкчөлөргө жабышып, оор ионго өтүп кетет. Атмосферадагы иондун пайда болушу жерг. ж-а метеорол. шартка байланыштуу. Жер бетиндеги 1 см3 таза абада 500‒1000 жеӊил ион болот; алардын оӊ заряддалганы терс заряддалганынан 10‒20% көп. Иондордун топтолушу түрдүү геогр. пункттарда түрдүүчө, ал сутканын ж-а жылдын ичинде өзгөрүп турат.