АНТРОПОЛОГИЯ
АНТРОПОЛОГИЯ (антропо... жана ...логия) – адамдын дене түзүлүшү жана психикалык абалын, социалдык ишмердүүлүгүн жана маданиятын изилдөөчү илимдердин жыйындысы. Антропология терминин алгач Аристотель киргизген. 19-кылымдын ортосунан антропологиянын илимдеги орду, мазмуну жөнүндө эки түрдүү көз караш калыптанган. 1) Антропология илим катары адамзаттын табигый тарыхын, материалдык жана рухий маданиятын, психологиясын, тилин ж. б. изилдейт. Мындай көз карашты АКШ, Батыш Европа элдеринин антропологдору колдогон. 2) Мейкиндикте жана мезгилде адамзат организминдеги өзгөрүүлөр, алардын закондору, аны башкарган факторлор жөнүндөгү илимге маани берүү. Бул көз карашты негизинен советтик жана орус окумуштуулары жактаган. Антропология термини Европа, Россия жана Түндүк Америка өлкөлөрүндө илимдин үч тармагын – социалдык же маданий антропология (этнография), физикалык же биологиялык антрополгия (Антропологиянын өзү), кээде лингвистиканын тарыхын жана археологияны түшүндүрүү үчүн колдонулат. Социалдык (маданий) антроплогия термини негизинен Улуу Британияда жана Түндүк Америка өлкөлөрүндө кабыл алынган. Социалдык антропология – адамдын социалдык ишмердүүлүгүн жана маданиятын изилдейт. Ал этнографиялык баяндамаларга таянат. Байыркы жазуучулар – тарыхый жана географиялык эмгектердин авторлору (Геродот, Ксенофонт, Страбон, Г. Юлий Цезарь, Тацит, Клавдий Птолемей ж. б.) ар түрдүү элдердин маданияты жөнүндө алгачкы маалыматтарды чогултушкан. Орто кылымда Араб авторлору (Бируни, Масуди, Ибн Фадлан ж. б.) Чыгыштагы жана Россиядагы европалык саякатчылар (Дж. Да Плано Карпини, Марко Поло, В. Рубрук) колониялык доордогу деңиз саякатчылары (X. Колумб, Ф. Магеллан, Дж. Кук ж. б.) жана миссионерлер (Д. де Ланда, Ж. Лафито ж. б.) элдердин тарыхы жөнүндөгү баяндамаларды калтырышкан. 20-кылымдын ортосунда уруучулук система, нике жана бийлик мамилелери, турмуштук үрп-адат, салттар, ритуал, мифология, фольклор ж. б. боюнча ири материалдар жыйналып, аккультурация жана маданий инновация ж. б. изилдөө иштери жүргүзүлгөн. Социалдык антропологияда да бул маалыматтарды системалаштыруу үчүн статистика методу, тарыхый маселелерди чечүүдө, тарыхый изилдөөлөрдө тарыхый антропология методу, ошондой эле социологиялык, психологиялык, лингвистикалык ыкмалар колдонулган. Дифференциялык тематикалар жана ыкмалардын негизинде социалдык антропология ар түрдүү багыттарга: экономикалык, саясий, юридикалык, педагогикалык, лингвистикалык, психололгиялык, балдар антропологиясы, гендердик антропология, медициналык, музыкалык, шаардык, конфликттик антропология, визуалдык антропология ж. б. бөлүнгөн. Физикалык (биологиялык) антропология – биологиянын бир бөлүгү, адамзаттын биологиялык өзгөчөлүктөрүн, табигый тарыхын жана адамдын организминин жекече өнүгүүсүн изилдейт. Физикалык антропологиянын негизги багыттары: антропогенез жөнүндөгү окуу, палеоантропология, популяциялык антропология жана раса таануу илими, этностук антропология, физиологиялык антропологиялык, конституциялык антропология ж. б. Адамдын морфологиясын изилдөөдө антропология илими антропометрия, одонтология, краниология жана дерматоглифика методдорун кеңири колдонгон. Адамдын баш сөөгүнүн өзгөчөлүктөрүн изилдөөнүн негизинде адамдын баш сөөгү боюнча анын түспөлүн калыбына келтирүүдө советтик антрополог М. М. Герасимов, ошондой эле П. Брок, Р. Мартин, Л. Лики, А. П. Богданов, Д. Н. Анучин, В. В. Бунак, Я. Я. Рогинский ж. б. окумуштуулардын антропология илимине кошкон салымы зор. Окумуштуулардын изилдөөлөрүнө караганда кыргыз элинин жалпы антропологиялык тиби европеоид жана монголоид тектеш расалардын аралашуусунан пайда болуп, түштүк сибирь – тураноид расасына кирет. к. (түштүк сибирь кичи расасы). Учурда физикалык <anom>A</anom>-да иммунология, физиология, молекулярдык жана популяциялык генетика, биометрия методдору пайдаланылат.
Ш. Керимова.