АНТРОПОГЕН МЕЗГИЛИ

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
10:01, 12 Сентябрь (Аяк оона) 2024 карата Kadyrm (Талкуулоо | салымдары) (→‎top: категория кошуу) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку версиясы | Соңку версиясы (айырма) | Жаңыраак версиясы → (айырма)
Jump to navigation Jump to search

АНТРОПОГЕН МЕЗГИЛИ (системасы), т ө р т ү н ч ү л ү к м е з г и л и – жердин геологиялык өнүгүү тарыхынын бүгүнкү күнгө чейинки уланып жаткан эң акыркы мезгили; стратиграфиялык шкаланын эң акыркы системасы (к. Геохронология). Узактыгы 0,6 млн жылдан 3,5 млн жылга че­йин деп эсептелет. 1823-жылы Бакленд бул мезгилди «дилювий» деп атаган. 1829-жылы француз окумуштуусу Ж. Денауайс төртүнчүлүк система­сы деп бөлгөн. 1922-жылы орус геологу А. П. Пав­лов мезгилдин башталышында адам баласы пайда болгондугуна байланыштуу антропоген (грекче antropos – адам, genos – пайда болуу) мез­гили деп атоону сунуш кылган. Бирок кабыл алынган эл аралык стратиграфиялык схемасы түзүлө элек. Көбүнчө антропоген мезгили б а й ы р к ы (эо), о р т о ң к у (мезо), к и й и н к и (нео), п л е й с т о ц е н жана г о л о ц е н деген 4 бөлүктөн турган (QI, QII, QIII, QIV) схемасы пайдаланылат. Антропоген мезгилинде жер бетинде суу күч алып, климат өзгөргөн, азыркыдан үч эсе көп муз каптоолор жүргөн. Анын таасиринен өсүмдүктөр менен жаныбарлар кыргынга учурап, суукка чыдамдуу мамонттор, жүндүү кериктер гана жашоосун уланткан. Бирок кийин алар да толугу менен жок болгон. Адам баласынын пайда болушу, өсүп-өнүгүү тарыхы антропоген мезгили менен тыгыз байланышкан. Мезгил ичинде ири тектоникалык кыймылдар жүрүп, Евразиядагы альпы бүктөлүү аймагын, Тынч океандын жээктерин, Теңир-Тоо, Алтай, Саян тоолорун кучагына алган. Азыр­кы учурдагы жер титирөөлөр ошо кездеги тек­тоникалык кыймылдардын уландысы болуп эсептелет. Ал кездеги кургактыктар менен деңиздер азыркыга окшош келип материктерге континенттик чөкмөлөр (лёсс, алювий, пролювий, муз-көл чөкмөлөрү, эолдук кумдар ж. б.) кеңири тараган. Топурак кыртышы пайда болгон. Саздардан чым көң орун алган. Алтын, платина жана алмаздын чачынды кендери, курулуш материалдары топтолгон. Мезгилдин өз алдынча өзгөчө проблемалары жана изилдөө ыкмалары болгондуктан, төртүнчүлүк геологиясы деген илимий тармак келип чыккан.
Ад.: Марков К. К., Лазуков Г. И., Николаев В. А.Червертичный период, т 1-3, М., 1965-67; Чарыгин М. М., Васильев М. М. Общая и историческая геология. М., 1968.