АНТОНИНДЕР
Jump to navigation
Jump to search
АНТОНИНДЕР Рим императорлорунун династиясы (96–192); Антонин Пийдин ысымынан аталган. Антониндердин белгилүүлөрү: Нерва (96–98), Траян (98–117); Адриан (117–138), Антонин Пий (13–161), Марк Аврелий (161–180) жана Коммод (180–192). Антониндердин тушунда монархиялык бийлик биротоло чындалып, бюрократиялык аппарат түзүлгөн. Антониндердин башкарган убагы Рим империясынын гүлдөө учуру болгон. Бирок Адриандын тушунда кризистин белгилери пайда болуп, Марк Аврелий башкарган мезгилден тартып империянын кубаты начарлай баштаган.