АНТОНИЙ МАРК

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
10:00, 12 Сентябрь (Аяк оона) 2024 карата Kadyrm (Талкуулоо | салымдары) (→‎top: категория кошуу) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку версиясы | Соңку версиясы (айырма) | Жаңыраак версиясы → (айырма)
Jump to navigation Jump to search

АНТОНИЙ МАРК (б. з. ч. 83-30-жылдар) – римдик саясий ишмер жана кол башчы. Юлий Цезардын жактоочусу. Цезарь өлгөндөн кийин сенат ага каршы аскерлерин жиберип, 43-жылы Антоний Марк жеңилет. 42-жылы Октавиан жана Лепид менен бирдикте Бруттун жана Кассийдин аскерлерин талкалап, 2- триумвиратты негиздеген. Андан кийин Антоний Рим державасынын чыгыш провинцияларын алып, ал жерде чексиз бийлик жүргүзгөн. Египет ханышасы Клеопатра менен жакындашып, Клеопатрага жана анын балдарына чоң аймактарды тартуу кылган. Ага нааразы болгон Сенат Клеопатрага каршы согуш жарыялап, Акций кысыгында египеттик флоттун жеңилиши (31-жыл) менен аяктаган. Октавиандын аскерлери Египетке басып киргенден кийин, Антоний өзүн өзү өлтүргөн.