АНТИНОМИЯ

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
09:59, 12 Сентябрь (Аяк оона) 2024 карата Kadyrm (Талкуулоо | салымдары) (→‎top: категория кошуу) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку версиясы | Соңку версиясы (айырма) | Жаңыраак версиясы → (айырма)
Jump to navigation Jump to search

АНТИНОМИЯ (анти... жана гр. nomos – мыйзам, сөзмө-сөз, мыйзамдагы карама-каршылык) – ой-пикирдин, ой жорутуунун ортосундагы каршы келүүчүлүк. Ал юридикалык мааниге ээ болгон жана эки мыйзамдын ортосундагы карама-каршылыкты же өзүнчө мыйзамдын ички карама-каршылыктарын түшүндүрөт. 1-кылымда терминди көрсөтүлгөн мааниде Квинтилиан, кийинчерээк – Гермоген, Плутарх, Августин ж. б. колдонушкан. Юстиниандын кодексинде укук «коллизиясы» качан мыйзам өзүнө-өзү карама-каршы чыккан учур антиномия аталган. Анын философиялык мааниси Канттын «Таза акыл сыны» эмгегинде бааланган. Аристотелдин айтуусу боюнча ал дүйнөнү бир бүтүн катары караганда адамдын акыл-эсинде пайда болот. Антиномия жөнүндөгү Канттын окуусу диалектикалык логиканын фундаменталдык өбөлгөсү катары немец классикалык идеализми тарабынан ар тараптуу өнүккөн. Гегелдин диалектикасында антиномия карама-каршылыктын синтездик түшүнүгү болуп кайра түзүлгөн.

Ш. К. Алиева.