АНТИНЕЙТРОН (Я)
Jump to navigation
Jump to search
АНТИНЕЙТРОН (n) – нейтрондун антибөлукчөсү. Антинейтрондун электр заряды жок, массасы, спини жана магнит моментинин абсолюттук чоңдугу нейтрондукуна барабар. Антинейтрондун магнит моменти оң, ал эми нейтрондуку терс мааниге ээ. Антинейтронду 1956-жылы Б. Корк, Г. Ламбертсон, О. Пиччони, В. Венцель (АКШ) антипротондорду чачыратуу тажрыйбасында ачышкан.