АНТИГИТЛЕРДИК КОАЛИЦИЯ

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
09:58, 12 Сентябрь (Аяк оона) 2024 карата Kadyrm (Талкуулоо | салымдары) (→‎top: категория кошуу) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку версиясы | Соңку версиясы (айырма) | Жаңыраак версиясы → (айырма)
Jump to navigation Jump to search

АНТИГИТЛЕРДИК КОАЛИЦИЯ – 2-дүйнөлүк согуштун жүрүшүндөгү (1939–45) Германия, Италия, Япония жана алардын саттелиттеринин агрессиячыл блогуна каршы күрөшүү үчүн түзүлгөн мамлекеттердин жана элдердин союзу. Ага СССР, АКШ, Англия, Франция, Кытай, ошондой эле Югославия, Польша, Чехословакия, Австралия, Бразилия, Индия, Канада, Эфиопия ж. б. мамлекеттер кирген. Фашисттик агрессорлор тарабынан басып алынган аймактардагы партизандык жана Каршылык көрсөтүү кыймылдары, бүткүл дүйнөдөгү антифашисттик, пацифисттик уюмдар антигитлердик коалицияга чоң жардам беришкен. Антигитлердик коалиция 1941-жылы июнда фашисттик Германиянын СССРге кол салуусуна байланыштуу түзүлө баштаган жана буга катышуучулардын союздаштык мамилелери 1942-жылы 1-январдагы 26 мамлекеттин Вашингтон декларациясында, ошондой эле андан кийинки бир катар документтерде бекемделген. Декларацияга кол койгон мамлекеттер бардык аскердик, экономикалык ресурстарын фашисттик өлкөлөргө каршы күрөшкө багыттоого жана алар менен сепараттык келишимдерге кол койбоого милдеттенишкен. 2-дүйнөлүк согуш бүтөөрүндө 53 мамлекет фашисттик блоктогу өлкөлөр менен согуш абалында турган. Антигитлердик коалиция өз милдетин ийгиликтүү аткаруу менен 2-дүйнөлүк согуш мезгилинде жеңишке жетишүүдө зор роль ойногон.