АНТЕРИДИЙ

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
09:57, 12 Сентябрь (Аяк оона) 2024 карата Kadyrm (Талкуулоо | салымдары) (→‎top: категория кошуу) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку версиясы | Соңку версиясы (айырма) | Жаңыраак версиясы → (айырма)
Jump to navigation Jump to search

АНТЕРИДИЙ (гр. antheros – гүлдөгөн) – споралуу өсүмдүктөрдүн (балырлар, мамык чөптөр) жана кээ бир козу карындардын (аскомицеттер, хитридиомицеттер) аталык жыныс органы. Антеридийде сперматогендик клеткадан кыймылдуу (кызыл балырларда кыймылсыз) аталык гамета - сперматазоиддер пайда болот. Татаал түзүлүштүү өсүмдүктөрдө сүйрү же тоголок денече түрүндө болуп, капталы бир же бир нече катмар стерилдүү клеткалардан турат. Аскомицеттерде антеридийде айрым гаметаларга бөлүнгөн, анын ичиндеги суюктук энелик клетканы уруктандырат.