АНТОНОВКА

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
10:00, 12 Сентябрь (Аяк оона) 2024 карата Kadyrm (Талкуулоо | салымдары) (→‎top: категория кошуу) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку версиясы | Соңку версиясы (айырма) | Жаңыраак версиясы → (айырма)
Jump to navigation Jump to search

АНТОНОВКА – алманын кышкы сорту. Ал кадимки, таш антоновка ж. б. түргө бөлүнөт. Мөмөсү ири, сүйрү же конус сымал. Кабыгы саргыч, сулпу ак, кычкыл, таттуу, даамдуу ж-a жагымдуу жыты бар. Түшүмдүү келип, кургакчылыкка, кышка байымдуу. Кыртышты көп ылгабайт. 5- 7 жылдыгынан баштап мөмө байлап, 60 жылга чейин мөмөлөйт. Эң жакшы шартта бир түбүнөн 500 кг түшүм алынат. Мөмөсү сентябрдын аягында, октябрдын башында жыйналып, апрелге чейин сакталат. Антоновкадан как, повидло, пюре, мар­мелад, желе, шарап жасалат.