АТЛЕТИКА
14:22, 20 Февраль (Бирдин айы) 2022 карата 556-684>KadyrM тарабынан жасалган версия
(гр.athlзtikоs ‒ жарыш, мелдеш) ‒ 1) цирк иск-восунун бир түрү. 19-к-дын башталышында цирк оюндары адаттан тыш дене күчүн ж-а шамдагайлыкты көрсөтүүчү номерлер ди аткара баштаган. Белгилүү атлеттердин ичинде: И. М. Поддубный, И. М. Заикин, Е. Сандов, И. Графль, В. Моор-Знаменский, Н. Вахтуров, ага-ини И. И. ж-а А. И. Нелипович, Г. И. Новак, В. И. Дикуль бар; 2) күчтүүлүккө, чыдамкайлыкка, тездикке, шамдагайлыкка тарбиялоочу түрдүү дене күч көнүгүүлөрүнүн топтому. Түрлөрү: жеӊил атлетика ‒ чуркоо, жөө жүрүш, секирүү ж-а ыргытуу; оор атлетика ‒ оордукту (штангалар) мелдешип көтөрүүчү спорт түрү.