АНТИПАТИЯ

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
09:59, 12 Сентябрь (Аяк оона) 2024 карата Kadyrm (Талкуулоо | салымдары) (→‎top: категория кошуу) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку версиясы | Соңку версиясы (айырма) | Жаңыраак версиясы → (айырма)
Jump to navigation Jump to search

АНТИПАТИЯ (гр. antipatheia – жактырбоо) – адамдын кимдир бирөөнү (же бир нерсени) жактырбоо, кастык кылуу, жек көрүү менен мүнөздөлүүчү эмоциялык мамилеси. Ал адамдын тышкы турпатынын айрым белгилеринен, үнүнөн, мамилесинен ж. б. байкалышы мүмкүн. Симпатия сыяктуу эле антипатия түшүнбөстүктөн же түшүнүп баамдоодон болушу ыктымал. Түшүнбөстүктөн болуучу антипатия негизинен балдардын турмуштук тажрыйбасынын жетишсиздигинен, адамдардын кылык-жоруктарын жеткиликтүү талдап биле албагандыгынан келип чыгат. Түшүнүп баамдоодон жаралуучу антипатия көз караштын, кызыкчылыктын, сезимдердин кескин түрдөгү айырмалуулугунан, жалпысынан алганда бири-бирине кас социалдык же саясий топторго таандык болгондуктан, турмушка ар түрдүү көз карашта мамиле кылуучулуктан келип чыгат. Кээде көрө албастык сезимине айланып кетиши ыктымал. Ошондуктан тарбиячылар балдарды өздөрүнүн тигил же бул эмоциялык абалынын себептерин сезе билүүгө, башка адамдар менен мамилени алардын эң негизги адамдык баркын жана кемчиликтерин туура баалоонун негизинде түзүүгө үйрөтүү керек.