АНТИБӨЛҮКЧӨ

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
15:09, 8 Декабрь (Бештин айы) 2023 карата Temirkan (Талкуулоо | салымдары) тарабынан жасалган версия
Jump to navigation Jump to search

АНТИБӨЛҮКЧӨ – өзүнө «түгөй» бөлүкчөлөргө карата масса, жашоо убактысы, спини ж.б. физикалык мүнөздөмөлөрү бирдей, бирок алардын өз ара заряддарынын белгилери менен айырмаланган элементардык бөлүкчөлөрдүн тобу. Анын жаратылышта бар экенин 1931-жылы англиялык физик П. Дирак теориялык эсептөөнүн негизинде алдын ала айткан. Электрон үчүн чыгарылган релятивисттик кванттык тендеме (к. Дирак теңдемеси.) электр зарядынын белгисине симметриялуу, ошондой эле массалуу, бирок электр заряды оң бөлүкчө үчүн туура келген. Ал бөлүкчө электронго карата антиэлектрон (позитрон) деп аталган. Жаратылышта кездешүүчү же жасалма түрүндө алынган элементардык бөлүкчөлөр же алардын антибөлүкчөсү жер бетине келген космос нурларынан бири- бирине карата бөлүкчө жана антибөлүкчө болгон оң жана терс мюондор, бөлүкчө жана антибөлүкчө түгөйүн түзгөн терс жана оң пи-мезондор. 1955-жылы биринчи жолу антипротон аныкталып, 1956-жылы антинейтрон ачылган. Бардык элементардык бөлүкчөлөрдүн антибөлүкчөсү бар. Үч элементардык бөлүкчөнүн – фотон, z° жана р°- мезондордун антибөлүкчөлөрү менен бирдей мүнөздөмөлөргө ээ, башкача айтканда алардын айырмалары жок. Лабораторияда, ылдамдаткычта бөлүкчөлөр өз ара аракеттенишкенде, табигый шартта космос нурлары Жер атмосферасы менен өз ара аракеттенишкенде антибөлүкчө пайда болот.