АНТАЛЬЯ

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
09:56, 12 Сентябрь (Аяк оона) 2024 карата Kadyrm (Талкуулоо | салымдары) (→‎top: категория кошуу) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку версиясы | Соңку версиясы (айырма) | Жаңыраак версиясы → (айырма)
Jump to navigation Jump to search

АНТАЛЬЯ (Antalya) – Түркиянын түштүк-батышындагы шаар. Анталья илинин (администрациялык-аймактык бирдик) администрация борбору. Калкы 1,1 млн (2015). Жер ортолук деңиздеги Анталья булуңунун жээгинде, Батыш Тавр кырка тоосунун этегинен баштап, тектирчеленип жайгашкан. Өлкөдөгү ири порт; Жер Ортолук деңиз жээгиндеги эң ири эл аралык аэропорт. Деңиздик климаттык курорт. 1990-жылдан эл аралык туризм жана эс алуу борбору катары ургалдуу өнүгүүдө. Музей (баалуу археологиялык коллекциялары менен), текстиль, тамак-аш өнөр жайы бар. Айыл чарба продуктуларын (негизинен цитрус өсүмдүктөрүн) иштетүү борбору. Биздин заманга чейин 159–138-жылдарда пергама падышасы Аттал II негиздеген, анын урматына Атталия аталган. 1207-жылы селжуктар басып алган. 13-кылымда Анадолу кербен соода жолунун акыркы чеги. 1391-жылдан Осмон империясынын курамында. Биринчи дүйнөлүк согуштан кийин Италияга берилип, 1921-жылы түрк аскерлери бошоткон. Үч аркалуу Адриан дарбазасы, минарет (13-кылым), Оттоман эстеликтери сакталган.
Р. Карачалова.