АТЛАХ

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
22:25, 25 Февраль (Бирдин айы) 2022 карата Kerimova-59 (Талкуулоо | салымдары) тарабынан жасалган версия
Jump to navigation Jump to search
Талас өрөөнүндөгү орто кылымга таандык ири шаарлардын бири. Талас суусунун боюнда 6‒12-к-дагы Тараз ш-на (кийин Ауле-Ата, Жамбыл) жакын жайгашкан. Махмуд Кашгари да А-ты Тараз ш-нын жанындагы шаар экендигин белгилеп кеткен. Араб географы, тарыхчысы аль-Мукаддасинин ж-а аль-Истахри нин (10-к.) эмгектериндеги маалыматтарга караганда, шаар тегерете чеп м-н курчалып мечит, базарлары бар, жүзүмзарлуу ж-а бак-шактуу шаар болгон. Археолог А. Н. Бернштамдын пикири б-ча Жоон-Дөбө шаар калдыгы А. шаарынын орду болушу мүмкүн. А. ш. кытай аскерлери м-н араб, карлук күчтөрүнүн ортосун дагы 751-ж. салгылашуу болгон жер катары тарыхта белгилүү, к. Атлах салгылашуусу.
С. Өмүрзаков.