АНОШИН

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
09:56, 12 Сентябрь (Аяк оона) 2024 карата Kadyrm (Талкуулоо | салымдары) (→‎top: категория кошуу) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку версиясы | Соңку версиясы (айырма) | Жаңыраак версиясы → (айырма)
Jump to navigation Jump to search

АНОШИН Александр Григорьевич (1878, Нижний Новгород губерниясы, Любянцы кыштагы – 1958) – Түштүк Кыргызстанда Совет бийлигин орнотууга жигердүү катышкандардан. 1905–07-жылдары Уфа жана Омск шаарында революцияга катышкандыгы үчүн Түркстан крайына айдалган. Биринчи дүйнөлүк согушта аскерге алынып, солдаттардын согушка каршы чыгууларына катышкан. Февраль революциясынан кийин Ош шаарында большевиктердин алгачкы тобун уюштурган. Анын жетекчилиги менен уезддик борбордун большевиктери 1918-жылы Убактылуу өкмөттүн бийлигин кулатып, Совет бийлигин орнотушкан. Ошол эле жылы мартта РКП (б)нын Ош уезддик-шаардык комитетинин биринчи председатели, Ош уездинин аскер комиссары болуп шайланган. 1918-жылы басмачыларга каршы күрөштү уюштуруп, аны жетектеген. 1919–24-жылдарда Өзбекстанда жооптуу кызматтарда иштеген.