АНОА

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
09:56, 12 Сентябрь (Аяк оона) 2024 карата Kadyrm (Талкуулоо | салымдары) (→‎top: категория кошуу) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку версиясы | Соңку версиясы (айырма) | Жаңыраак версиясы → (айырма)
Jump to navigation Jump to search

АНОА (bubalus depressicornis) – кепшөөчүлөр түркүмчөсүнүн көңдөй мүйүздүүлөр тукумундагы сүт эмүүчү, кээде өзүнчө урууга киргизет. Азыркы жапайы букалардын эң кичинеси; дене узундугу 100-170 см, өркөчүнөн бийиктиги 62-100 см, салмагы 150-300 кг . Мүйүзү кыска, түз, кесилишинде үч бурч, жогору же артын көздөй кайрылат. Түсү кочкул-күрөң, тумшугунун үстүндө, тамагында жана бутунда ак тактары бар; музоосу калың саргыч-күрөң жүн менен капталган. Сулавеси аралын гана мекендейт, демейде саздуу токойдо жана калың бадал арсында жайшайт; антрпогендик ландшафтка кирбейт. Жалгыз же жубу менен жашайт. Жер бетиндеги жана суу өсүмдүктөрү, мөмөлөр менен азыктанат. Жалгыздан, кээде эгиз тууйт. Жергиликтүү эл эти жана териси (ритуалдык кийим даярдоого) үчүн өтө аңчылык кылгандыктан саны азайып кеткен. ТКЭСтин (МСОП) кызыл китебине катталган.