АННАБА

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
09:55, 12 Сентябрь (Аяк оона) 2024 карата Kadyrm (Талкуулоо | салымдары) (→‎top: категория кошуу) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку версиясы | Соңку версиясы (айырма) | Жаңыраак версиясы → (айырма)
Jump to navigation Jump to search

АННАБА (мурдагы Бон) – Алжирдин түндүк-чыгышында жайгашкан шаар. Аты окшош вилайинин административдик борбору. Калкы 206,6 миң (2005). Жер Ортолук деңиздеги ири порт (жылдык жүк айлануусу 8 млн т, анын ичинде 5 млну нефть). Жол тоому. Эл аралык аэропорту бар. Антика дооруна таандык Гиппон шаарынын урандыларынын ордуна 1-кылымда римдиктер финикиялык айылдын ордуна курушкан. Б. з. ч. 9-кылымга чейин сакталган. Шаар 11-кылымдан ири порт. Эски шаардын айрым бөлүктөрү, Сиди бу Меруан мечити (1033-жыл чен; толугу менен кайра курулган), университет (1995) бар. Өлкөнүн маанилүү өнөр жай борбору. Металлургия (Эл-Хажар комплекси), металл иштетүү, тамак-аш, текстиль жана химиялык өнөр жай иштейт.