АНЖИЯН ШААРЫ

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
09:54, 12 Сентябрь (Аяк оона) 2024 карата Kadyrm (Талкуулоо | салымдары) (→‎top: категория кошуу) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку версиясы | Соңку версиясы (айырма) | Жаңыраак версиясы → (айырма)
Jump to navigation Jump to search

АНЖИЯН – Өзбекстан Республикасындагы шаар, Анжиян облусунун администрация борбору. Фергана өрөөнүнүн чыгышында жайгашкан. Калкы 410 миң (2015). Темир жол түйүнү. Аэропорт бар. 9-кылымдан Андукан деген ат менен белгилүү болуп, Саманид, Караханид, Монгол Тимурид, Бухара жана Кокон хандыктарынын курамына, 1876-жылы Россия империясынын курамына кирген. 1898-жылы Анжиян көтөрүлүшүнүн башкы борбору болгон. Өзбекстандагы маанилүү өнөр жай борбору. Машина куруу (электр-техникалык, ирригация жабдуулары), жеңил (кебез-кездеме, бут кийим, трикотаж, тигүү), тамак-аш-татымал өнөр жайы; гидролиз жана 2 пахта заводу бар. Төрт жогорку окуу жай, тарыхый-край таануу музейи, медресе, Жами минарети (19-кылымдын аягы), музыкалык-драма (1919), «Лола» куурчак жана Жаштар театры иштейт.