АНЕКДОТ

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
09:53, 12 Сентябрь (Аяк оона) 2024 карата Kadyrm (Талкуулоо | салымдары) (→‎top: категория кошуу) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку версиясы | Соңку версиясы (айырма) | Жаңыраак версиясы → (айырма)
Jump to navigation Jump to search

АНЕКДОТ (гр. anekdotos – жарыяланбаган) – тамашалуу жана сатиралык курч мүнөздөгү күлкүлүү кыскача баян. «Анекдот» деген термин биринчи жолу Прокопий Кесарийскийдин сатиралык «Купуя сырларында» (6-кылым) колдонулган. Россияда 18-кылымдын 2-жарымында тарай баштаган. Түрк элдеринде анекдоттор көбүнчө Молдо Насредин, Кожо Насредин жана Апендинин ысымдарына байланыштуу айтылат. Кыргыз адабиятында анекдот деген түшүнүк Октябрь революциясынан кийин пайда болгон. Мурда ал «шакаба», «тамаша», «аңгеме» деп аталып келген. Кыргыз элинде Куйручук, Шаршен, Жоошбай ж. б-дын күлкүлүү кылык-жоруктарын баяндаган анекдоттор бар. Бул жанр актуалдуу темада чыгарылып, өтө тез тарагандыгы менен өзгөчөлөнөт. Негизги касиеттеринин бири – анекдот дайыма курч, таамай айтылган сөздөрдүн негизинде курулат. Элдик оозеки чыгармачылыкта, ошондой эле күндөлүк кадыресе турмушта кеңири кездешет.