АТЛАНТИКА БОЮ ОЙДУҢУ

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
14:22, 20 Февраль (Бирдин айы) 2022 карата 556-684>KadyrM тарабынан жасалган версия
Jump to navigation Jump to search
 Түн. Америкада. АКШнын Атлантика жээгиндеги Нью-Йорктон Флорида ж. а-нын түш. четине чейин созулуп жатат. Жазылыгы 30дан 350 кмге чейин. Акиташтегинен ж-а кумдуктан турат. Жеринин бети жайпак (бийикт. 100 мге чейин), жээги саздуу. Климаты субтропиктик муссон тибинде, Флориданын түштүгү тропиктик, мырза карагай ж-а эмен өсөт, саздуу. Пахта, тамеки, жемиш багы өстүрүлөт. Негизги ш.: Нью-Йорк, Филадельфия, Балтимор, Вашингтон.