АНДРАШИ ДЬЮЛА

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
09:52, 12 Сентябрь (Аяк оона) 2024 карата Kadyrm (Талкуулоо | салымдары) (→‎top: категория кошуу) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку версиясы | Соңку версиясы (айырма) | Жаңыраак версиясы → (айырма)
Jump to navigation Jump to search

АНДРАШИ ДЬЮЛА (3. 3. 1823, Кашау – 18. 2. 1890, Волоска) – венгриялык мамлекеттик жана саясий ишмер; граф. Венгриядагы 1848–49-жылдардагы революциянын жетекчилеринин бири, венгриялык революциялык өкмөттүн Константинополдогу дипломатиялык өкүлү. Революция жеңилгенден кийин Францияга эмиграцияга кетип, сырттан эле өлүм жазасына тартылган. 1857-жылы амнистия боюнча Венгрияга кайтып келип, император Франц Иосифке берилгендигин далилдеп, ант берген. Австрия-Венгрия монархиясынын түзүлүшүнө алып келген 1867-жылдагы сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүгө катышкан.1867–71-жылдарда Венгриянын Министрлер Советинин алгачкы төрагасы, 1871–79-жылдарда Австрия-Венгрия империясынын тышкы иштер министри болуп иштеген.