АНДРЕЙ ПЕРВОЗВАННЫЙ
АНДРЕЙ ПЕРВОЗВАННЫЙ – христиан дининдеги он эки апостолдун бири. Вифсандык апостол Петрдин бир тууганы. Андрей Первозванный башында Тавериад көлүнөн балык уулаган Ионнна Крестителдин жааматына кирген. Иса пайгамбар (Исус Христос) эң алгач Андрей Первозванныйды өзүнүн биринчи апостолу катары тааныган (ошондон Первозванный аталган). Апографиялык салттык уламыштарга (“Андрейдин апостолдук иш-аракеттери”) таянсак Андрей Первозванный өзүнүн диний үгүт иштерин Кара деңиздин түштүк жээктеринен тартып Понт жана Вифиния аркылуу Византияга (кийин Константинополь), андан Фракия менен Макоденияга чейин жайылткан. Чиркөө жазмалары боюнча Андрей Первозванный гректердин Петр шаарында римдик намесниктин буйругу менен “Х” тамгасына окшогон крестке кагылган (ошондон улам андреев крести аталган ). Орус жыл баяндамаларында (тактап айтканда “Убактылуу жыл баян повестинде”) А. П. Синоптон Корсунга (Херсонес ) келип, ал жерден Днепрдин куймасынан дарыяны бойлоп түндүктү карай, келечекте Киев түшө турган жерди аралап түндүктөгү, кийин Новгород курулган словендердин жерине чейин барып, андан Римге кайткан (Орус жыл баяндарынын толук жыйнагы). 11-кылымдан орустар Андрей Первозванныйды “Орустардын колдоочусу” катары эсептеп, аны окуп үйрөнгөндөр, ошондой эле, ага арналып салынган храмдар менен монастрлар көбөйгөн. 16-кылымдын ортосунда жергиликтүү новгороддуктардын “Талаа китебинде” (1569–63 ) Андрей Первозванныйдын орус жергесин кыдырып үгүт иштерин жүргүзгөндүгү жөнүндө жазылган. 16-кылымдын ортосунан Орус чиркөөсү өз алдынча калыптанып, чиркөө иштеринде Андрей Первозванныйдын апостолдук үгүт иштери мурас катары окутула баштаган. 17-кылымдын аягында Петр 1 тарабынан Андрей Первозванный ордени түзүлүп, орус флотунун кемелерине Андреевский туусу илинген.
Ж. Арзыкулов