АТЛАНТИДА

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
14:22, 20 Февраль (Бирдин айы) 2022 карата 556-684>KadyrM тарабынан жасалган версия
Jump to navigation Jump to search
ири жер титирөөнүн кесепети нен суу астына чөгүп кеткен, жогору өнүккөн цивилизация жайгашкан легендарлуу арал. Бул цивилизация байыркы Египет, Месопотамия цивилизацияларынан алда канча мурда, 10‒12миӊ жыл илгери жашагандыгы айтылат. А.ж-дөгү маалыматтар байыркы грек философу Платондун «Тимей» ж-а «Критий» диалогдорунда баяндалат. Платон А-ны калк жыш жайгашкан, жери түшүмдүү, Европа м-н Түн. Африканы бириктирген идеалдуу мамлекет катары эсептеген. Бирок байыркы мезгилдерде эле Платондун маалыматы күмөн туудуруп, А. цивилизациясы боюнча талаш-тартыштар башталган. Платондун окуучусу Аристотель А. ойдон чыгарылган деп белгилеген. 19-к-дын аягында Крит аралында ачылган байыркы миной цивилизациясын А. м-н окшоштурууга аракетте нишкен. Азыркы учурда Гибралтар кысыгынын батышында же Эгей деӊизиндеги Санторин а. же анын айланасындагы аймактар болуусу мүмкүн деп санаган пикирлердин айтылганды гына карабастан, А-нын болгондугу ж-а анын жайгашкан жери тууралуу маселе илимде талаш бойдон калууда.