АНДЕЗИТ

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
09:52, 12 Сентябрь (Аяк оона) 2024 карата Kadyrm (Талкуулоо | салымдары) (→‎top: категория кошуу) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку версиясы | Соңку версиясы (айырма) | Жаңыраак версиясы → (айырма)
Jump to navigation Jump to search

АНДЕЗИТ (Түштүк Америкадагы Анд тоолорунун атынан) – порфир структурадагы эффузив тоо теги. Курамында Si02 54–62% жана K20+Na20 6%ке чейин. 1836-жылы немис геологу К. Л. Бух алгачкы жолу аныктаган. Негизинен жанар тоо айнегинен турат; айнектин арасында плагиоклаз, андезин, пироксен, кээде магнетит, роговая обманка сыяктуу минералдардын кристаллдары учурайт. Андезит курамы кремний (56–60%) жана калийден, магнийден, кальцийден, темирден турган жанар тоо лаваларынын жер үстүндө же ага жакын тереңдикте сууп, катууланусунан пайда болот. Базальттар менен чогуу азыркы жана байыркы жанар тоолордун аймактарында, жер үстүнө чыккан тоо тектердин негизги бөлүгүн түзөт. Андезит кислоталарга чыдамдуу буюмдарды жасоодо жана курулуш иштеринде пайдаланылат.