АНАФОРА

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
09:49, 12 Сентябрь (Аяк оона) 2024 карата Kadyrm (Талкуулоо | салымдары) (→‎top: категория кошуу) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку версиясы | Соңку версиясы (айырма) | Жаңыраак версиясы → (айырма)
Jump to navigation Jump to search

АНАФОРА, (гр. anahora, сөзмө сөз – кайталоо) – бир эле элементтин кайра-кайра кайталанышына негизделген стилистикалык каражат. Тыбыштык анафора бир эле тыбыштын кайталануусу, строфалык (куплеттик) анафора болсо ар бир строфанын (куплеттин) башкы тыбышы же морфемасы, сөзү же сабы кайталанып түзүлөт. Анафора поэзияда гана эмес, прозада да, өзгөчө жорго сөздө арбын учурайт.