АТ КУЛАК

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
14:05, 6 Апрель (Чын куран) 2022 карата Dilde (Талкуулоо | салымдары) тарабынан жасалган версия
Jump to navigation Jump to search
 (Rumex L) ‒ өсүмдүктөрдүн кымыздыктар тукумундагы бир ж-а көп жылдык чөп өсүмдүгү. Сабагы түз, бутактуу, жалбырагы узун, сүйрү, чоӊ, саптуу. Гүлү жашыл, эки же бир жыныстуу, топ гүлү шыпыргы. Мөмөсү үч кырдуу, даны жалтырак. Анын 150 түрү белгилүү, Кыргызстанда 13 түрү (кадимки, тармал, теӊир тоо А.к. ж. б.) кездешет. Короо-жай тегерегинде, көлмө, жол, арык бойлорунда ж. б. өсөт. Мал жебейт. А. к-тын дээрлик бардык түрү отоо чөп. Каршы күрөшүү чаралары: жерди тереӊ айдап, тамырын жыйнап жок кылуу, уругу быша электе оруп, чаап таштоо. Кадимки А. к. атайы өстүрүлүп, жалбырагы тамакка пайдаланылат .