АМУР

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
09:45, 12 Сентябрь (Аяк оона) 2024 карата Kadyrm (Талкуулоо | салымдары) (→‎top: категория кошуу) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку версиясы | Соңку версиясы (айырма) | Жаңыраак версиясы → (айырма)
Jump to navigation Jump to search

АМУР (тунгус-манжур тилдеринде амар – дарыя чаты; монголчо Хара-Мурэн – «кара дарыя»; кытайча Хэйлунцзян – «кара ажыдаар дарыясы») – Чыгыш Азиядагы дарыя. Шилка жана Аргунь дарыяларынын кошулушунан пайда болот. Охот деңизинин Амур лиманына куят. Узундугу 2824 км (Аргундун башатынан 4444 км), алабынын аянты 1856 миң км2, анын көбү Россияда. Жогорку жагы негизинен кууш, Зея дарыясынын чатынан тартып кенен өрөөн аркылуу агат. Кичи Хинган тоолору аркылуу акканда өрөөнү кууштап, төмөнкү агымында кайтадан кеңеет; мында Амур салааларга бөлүнүп агат. Негизги куймалары: Зея, Бурея, Амгунь (сол), Сунгари, Уссури (оң). Орточо чыгымы 10800 м3/сек, эң көп чыгымы Хабаровск шаары тушта 40 000 м3/сек (жайында кирет), эң аз чыгымы 345 м3/сек. Суунун жазгы киришине кар суулары анча таасир кылбайт (кышкысын кар аз болгондуктан). Жазында ташкындайт. Амурдан 1 суткада 41 миң т агынды агып өтөт. Жогорку агымы ноябрдын башталышынан майдын башталышына чейин, төмөн жатып ноябрдын аягынан апрелдин аягына чейин тоңот. Балык (кета, горбуша, калуга ж. б.) кармалат, Амур – Ыраакы Чыгыштын маанилүү суу жолу (бардык жеринде кеме жүрөт). Боюнда Благовещенск, Хабаровск, Амурск, Комсомольск-на-Амуре, Николаевск-на-Амуре (Россия), Айхой (Хэйхэ; Кытай) шаарлары жайгашкан.