АВАНС

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
08:08, 12 Сентябрь (Аяк оона) 2024 карата Kadyrm (Талкуулоо | салымдары) (→‎top: clean up) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку версиясы | Соңку версиясы (айырма) | Жаңыраак версиясы → (айырма)
Jump to navigation Jump to search

АВАНС (фр. avance) — материалдык баалуулук, аткарылган иш жана көрсөтүлгөн кызмат үчүн алдыда боло турган төлөм эсебинен берилүүчү акча суммасы. Аванс кредиттин өзгөчө түрү болуу менен жеткирүүчүнүн, иш аткаруучунун жана кызмат көрсөтүүчүнүн жүгүртүү каражатынын көлөмүн көбөйтөт. Тышкы соода операцияларында аванс контракттын жалпы суммасынын 10-15% ин түзөт. Контракт аткарылбаса, аванс сөзсүз кайтарылып берилет.