АБДРАЕВ Кутубай

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
Jump to navigation Jump to search

АБДРАЕВ Кутубай (1932, Нарын облусу, Кочкор району, Көк-Жар кыштагы –18. 03. 2014, ошол эле жер) – малчы (1949-жылдан), Социалисттик Эмгектин Баатыры (25. 12. 1976). Кыргыз ССРинин айыл чарбасына эмгек сиңирген устаты (1982). Нарын облусунун Кочкор районундагы Соң-Көл совхозунда баш чабан. Малдын кунардуулугун арттырууда чоң ийгиликтерге жетишип, 1972-жылы ар жүз тубар койдон 148ден козу, 5 кгдан жүн, 1975-жылы тубар койдун ар жүзүнөн 175 козу, 5,5 кгдан алган. 1975-80-жылдары Кыргыз ССР Жогорку Советинин 9-чакырылышынын депутаты. Үч Ленин ордени,Октябрь Революциясы, Монгол Эл Республикасынын «Алтын годос одон» ордендери менен сыйланган.

АБДРАЕВ 117.png