АНАЛОГИЯ

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
09:48, 12 Сентябрь (Аяк оона) 2024 карата Kadyrm (Талкуулоо | салымдары) (→‎top: категория кошуу) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку версиясы | Соңку версиясы (айырма) | Жаңыраак версиясы → (айырма)
Jump to navigation Jump to search

АНАЛОГИЯ-(гр. analogia – окшоштук) – нерселердин жана кубулуштардын ортосундагы айрым окшоштуктар. Илимий ачылыштарда аналогия маанилүү ролго ээ. Философияда заттардын (кубулуштардын жана процесстердин) кандайдыр бир касиеттериндеги окшоштук. Логикада анын жардамы менен эки заттын айрым касиеттери окшош болсо, башка касиеттеринин да окшоштугу жөнүндө корутунду чыгарылат, корутундунун тууралыгын же натууралыгын билүү үчүн аны тажрыйбада текшерип сынап көрүү керек. Илимге бул түшүнүктү Аристотель киргизген. Р. Оуэн анын функциялык окшош катарын аныктаган.
Ш. К. Алиева.