АТЕИЗМ
14:22, 20 Февраль (Бирдин айы) 2022 карата 556-684>KadyrM тарабынан жасалган версия
(а... ж-а гр. theos ‒ кудай, б. а. кудайсыз) ‒ табияттан тышкары күчтөрдү, диний түшүнүктөрдү ж-а Кудайды танган көз караш. Атеисттик көз караштагы ой-пикирлер алгач байыркы доордо эле Кытай, Индияда, кийин грек полисинин расмий динин тануу иретинде А. түшүнүгү пайда болгон ж-а ошол учурдан тартып матер. философия м-н тыгыз байланышта өнүккөн. Европада Ренессанс доорунда А. кайрадан күч алган. 17‒18-к-дын агартуучулары башкалардан айырмаланып, атеист болушкан эмес, ал турсун А-ди сындашкан. Ошол эле учурда алар салттуу христиандык ишенимди да сынга алуу м-н атеисттик маанайдын жогорулашы на шарт түзүшкөн. 19-к-да А-дин өзгөчө гүлдөп өскөн мезгили болгон. Бул учурда ал бир катар идеологиялардын, а. и. өзгөчө социализмдин ажырагыс бөлүгүнө айланып, немец ойчулу К. Маркстын окуусун улантуучулар тарабынан «илимий А-дин» теориясы иштелип чыккан. Октябрь Революциясынын жеӊишинен кийин, 1917-жылдан тартып, алгач Советтик Россиянын чиркөөлөрүн, бара-бара жалпы эле СССРдин курамындагы республикалардын аймактарын дагы бардык диний мекемелерди (мечит, медресе, тайынуу жайлары ж. б.) куугунтуктоонун теориялык базасына айланган. Батыш өлкөлөрүндө ошол мезгилде анчалык курч мүнөзгө ээ болбогон филос. А. тараган. 20-к-да А-дин ордуна бара-бара агностицизм бир кыйла кеӊири тарай баштады. Агностиктер табияттан тышкары күчтөрдү танууга да, таанууга да негиз жок деп санашат. СССР ыдырап, анын курамында гы респ-лар, а. и. КР да көз каранды эместикке жетишкенден кийин атеисттик көзкараштар биртоп солгундап, диндик куугунтоолор ток
тотулган. Өлкөнүн баш мыйзамы ‒ КРдин Конституциясында: ар адамга дин тутууга, расымдарга, диний ж-а атеисттик ишке эркиндик кепилденет. Ар бир адам ар кандай динди эркин тутууга же эч бир динди тутпай коюуга, диний же атеисттик ынанымдарды тандоого, аларга ээ болууга же таркатууга укуктуу (16-статья, 11-пункт) деп белгиленген.