Тармактык Энциклопедия:ГИППАРХ
Jump to navigation
Jump to search
(б. з. ч. 180- же 190-ж. ч. –125) – байыркы грек астроному, астрон-ны негиздөөчүлөрдөн. Ай м-н Күндүн көзгө көрүнгөн кыймылын эсептөө ыкмасын жакшырткан, жыл узактыгын, Айга чейинки аралыкты аныктаган, жылдыздарды жылтырашы б-ча 6 класска бөлүп, 850 жылдыздын каталогун түзгөн, прецессияны ачкан. Геогр. координаталарды киргизген.