АТАТҮРК

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
21:32, 25 Февраль (Бирдин айы) 2022 карата Kerimova-59 (Талкуулоо | салымдары) тарабынан жасалган версия
Jump to navigation Jump to search
Мустафа Кемаль (12. 3. 1881, Салоники ‒ 10. 11. 1938, Стамбул) ‒ Түркия Республикасынын негиздөөчүсү ж-а анын тунгуч президенти (1923‒38); көрүнүктүү мамл. ж-а аскер ишмери. А. («түрктөрдүн атасы») деген фамилия ага Түркиянын Улуттук улуу жыйыны (парламент, ТУУЖ) тарабынан берилген (1934). Стамбулдагы Аскер академиясын бүтүргөн. Жаш түрктөр революциясына (1908), Италия-Түркия согушуна (1911‒12), 2-Балкан согушуна (1912‒13) катышкан.
АТАТҮРК23.png
1-дүйн. согушта дивизиянын командиринен фронттун командачысына чейин жетип, генерал чинине ж-а паша титулуна татыктуу болгон; Дарданеллди коргоодо (1915) көрүнүктүү роль ойногон. Кавказ (1916‒17), Сирия-Палестина (1917‒18) фронтторунда жогорку командачылык кызматын аткарган. 1919-жылдан Анатолияда улуттук-боштондук кыймылына (кемалчылар) жетекчилик кылат. Сакарье д-нын жанындагы жеӊиши (1921) үчүн ТУУЖ ага маршал чинин ж-а «Гази» («Жеӊүүчү») титулун ыйгарат. А-түн жетекчилиги астында түрк аскерлери англ.-грек баскынчыларды өлкөдөн кууп чыгарган (1922). А. Түрк респ-нын президенти катары өлкөнүн коомдук-саясий, социалдык-экон . маданий турмушунун өзгөрүшү үчүн зор иштерди жасаган. Анын жетекчилиги м-н 1922-ж. султандык бийлик жоюлуп, Түркия республика болуп жарыяланат (29. 10. 1923). Жаӊы сот кодекстерин киргизип, агартуу тармагында жаӊычыл өзгөртүүлөргө жол ачкан, араб алфавитинин ордуна латын алфавитин кабыл алып, түрк тилин өнүктүргөн, эскирген каада-салттарды четке кага, аял-эркекке бирдей укук берилген ж-а европалыктарча кийим кийүүнү киргизген, улуттук мад-ттын сакталышына ж-а өнүгүшүнө шарт түзгөн. Улуттук суверенитет м-н идеологияны жогору коюп, өнөр жай м-н а. ч-сын жаӊыча өнүктүрүү, күчтүү армияны түзүү, башка мамлекеттер м-н теӊ укуктуу мамиледе болуу саясатын жүргүзгөн. Бишкек ш-ндагы саяба бакка А. ысмы берилип, эстелиги тургузулган.
                                                                                                                     А. Беделбаев.