Тармактык Энциклопедия:БРУНО
Jump to navigation
Jump to search
Жордано Филиппо (1548 – 17. 2. 1600) – итал. илимпоз, астроном, философ. Еретик деп айыпталып, Римде инквизиция тарабынан өрттөлгөн. Дүйнөнүн Птолемей түзгөн системасын жаратпай салган. Николай Кузанскийдин идеяларын ж-а Коперниктин гелиоборбордук космологиясын өнүктүрүп, Ааламдын чексиздиги ж-а дүйнөлөрүнүн сансыз көптүгү ж-дөгү божомолду киргизген. Негизги чыгармалары: «Себеп, башталма ж-а бирдиктүүлүк жөнүндө», «Чексиздик, Аалам ж-а дүйнөлөр жөнүндө».