Тармактык Энциклопедия:ЭМИССИЯЛЫК ТУМАНДУУЛУКТАР
Jump to navigation
Jump to search
– ысык 0-жылдыздардын айланасындагы иондошкон газдын аймагы; ультракызгылт-көк нурлануусу тумандуулуктагы газдын жаркырашынын энергия булагы болот. Алар ондогон парсекке чейинки өлчөмгө ээ. Тумандуулуктун борбордук аймагынын темп-расы 8 000 – 10 000 Кге барабар. Э. т. ысык газдын басымынын таасири м-н кеңеет. Эгерде жолунда жылдыз аралык газдын ж-а чаңдын анча чоң эмес топтошуулары кезиксе, кеңейүүчү тумандуулук айланып өтөт.