АТАМА СҮЙЛӨМ

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
17:50, 5 Декабрь (Бештин айы) 2022 карата Kadyrm (Талкуулоо | салымдары) (→‎top: clean up, replaced: м-н → <span cat='ж.кыск' oldv='м-н'>менен</span>) тарабынан жасалган версия
Jump to navigation Jump to search

‒ жөнөкөй сүйлөмдүн бир түрү. Жаратылыштагы ар түрдүү көрүнүштөрдү, кубулуштарды, окуяны, мезгилди, орун-мейкин дикти атап көрсөтөт. А. с-дүн структуралык негизин атооч жөндөмөдөгү зат атооч же зат атоочтук сөз айкашы түзөт. Ал сүйлөм мүчөлөрүнө ажырабайт. Дайыма баяндоо интонациясы менен айтылып, сүйлөмдүк белгиге, касиетке жетишет да, көрүнүш, окуя тууралуу кыскача кабар берет (мис., Жай. Таза аба. Жайылган мал).