Тармактык Энциклопедия:ЭЛ АРАЛЫК АСТРОНОМИЯЛЫК СОЮЗ
Jump to navigation
Jump to search
– эл аралык илимий коом. Коомдун милдети: дүйнөнүн бардык өлкөлөрүндө астрон-нын өнүгүшүнө көмөктөшүү түрдүү өлкөлөрдүн астрономдорун иш б-ча байланыштыруу, көптөгөн обсерваториялардын катышуусун талап кылуучу астрон. изилдөөлөрдү координациялоо. Ал 1919-ж. түзүлгөн. Бул союзду аткаруу комитети ж-а ондогон тармактык комиссиялар жетектейт. Э. а. с-дун мүчөсү болгон өлкөнүн бирине ар бир үч жылда Генералдык ассамблея чогулат. Ассамблея илимий докладдарды угат, изилдөөлөрдүн темаларын бекитет, изилдөө программасын сунуш кылат. Азыркы кезде 50 өлкөдөн 3000ден ашык мүчөсү бар.