Тармактык Энциклопедия:ЭКЛИПТИКА
Jump to navigation
Jump to search
– асман сферасынын Күндүн бир жылдагы кыймылы аныкталган чоң тегереги. Э. асман экватору м-н жазгы ж-а күзгү күн-түн теңелүү чекитинде кесилишет. Э. тегиздиги асман экваторунун тегиздигине 23°27ң бурч м-н жантаят. Э. 12 топ жылдыз – зодиак топ жылдызы аркылуу өтөт. Э. тегиздиги асман координаталарынын Э. системасында негизги тегиздик катары кызмат кылат.