Тармактык Энциклопедия:ЭГИЗДЕР

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
13:29, 20 -ноябрь (Жетинин айы) 2023 карата Kadyrm (Талкуулоо | салымдары) (1 версия) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку версиясы | Соңку версиясы (айырма) | Жаңыраак версиясы → (айырма)
Jump to navigation Jump to search
(Gemini) – бири-бирине жакын жайгашкан Кастор ж-а Поллукс эки жаркырак жылдыздуу зодиак топ жылдызы. Э. Саманчы жолунун четинде жайгашкан ж-а дүрбү м-н жакшы көрүнгөн. М35(NGC2168) чачыранды жылдыздык топтошуусунан, о. эле Эскимос деп аталган 8-жылдыз чоңдугундагы NGC2392 планетардык тумандуулукту камтыйт. Анда Геминиддер деген метеордук агымдын радианты жайгашкан эмес. КМШнын орто кеңдигинен күзүндө, кышында ж-а эрте жазда көрүнөт.