Тармактык Энциклопедия:ЧОҢ ЖЕТИГЕН

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
13:28, 20 -ноябрь (Жетинин айы) 2023 карата Kadyrm (Талкуулоо | салымдары) (1 версия) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку версиясы | Соңку версиясы (айырма) | Жаңыраак версиясы → (айырма)
Jump to navigation Jump to search
(Ursa Major) – Түн. жарым шардагы чоңдугу б-ча 3-топ жылдыз; байыркы гректер белгилешкен 48 топ жылдыздын бири. Аталышы мифологиядан: Зевске ашык болуп калган Каллисто аюуга айландырылган. Кыйла көрүнүктүү өзгөчөлүгү – чоң чөмүч сыяктанган фигураны түзүп турган 7 жылдыздан турган астеризмде. КМШнын аймагынан жыл бою көрүнүп турат.