АТАЛЫК

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
17:50, 5 Декабрь (Бештин айы) 2022 карата Kadyrm (Талкуулоо | салымдары) (→‎top: clean up, replaced: м-н → <span cat='ж.кыск' oldv='м-н'>менен</span>) тарабынан жасалган версия
Jump to navigation Jump to search

а т а б е к ‒ мамлекетти башкарууда жашы жете элек жаш ханзаадаларды тарбиялоочу адамга ыйгарылган жогорку мансап. А. өзү тарбиялаган ханзаада бийликке келген учурда анын кеӊешчиси катары милдет аткарган. О. кылымдарда (7‒8-к-да, кийин 15‒19-к-да) Түрк, Батыш Түрк кагандыктарында, Кимак-кыпчак, Огуз, Кыргыз мамлекеттеринде, кийин Хива, Бухара, Кокон, Казак хандыктарында А. мансабы кеӊири колдонулган. О. Азия элдеринде А. мансапка ээ болгондордун ичинен эӊ белгилүүсү ‒ Алымкул Аталык. Кокон хандыгында ордодо А. мансабын ээлеген Мусулман кул, Алымкул сыяктуу бир катар кыргыз-кыпчак төбөлдөрү тактынын мурасчысы эрезеге жете электе хандын милдетин да аткарып турушкан дыгы белгилүү. Кээде ордодогу таасирин бекемдөө үчүн атайылап бийликке жаш ханзаадаларды коюшуп, өзүлөрүн А. деп жарыялоо менен хандык бийликти толук колго алышкан.