Тармактык Энциклопедия:ЦЕНТАВР
Jump to navigation
Jump to search
, К е н т а в р (Centaurus) – Байыркы гректер тарабынан белгилеген 48 топ жылдыздын түш. жарым шардагы топ жылдызынын бири; эң жарык жылдызы 0,06 ж-а 0,6 көрүнгөн жылдыз чоңдугуна барабар. Андагы Проксима, Ц. жылдызы Күнгө эң жакын турат. Ц-да рентген пульсары ж-а радиогалактика жайгашкан. Бул топ жылдыз КМШнын аймагынын түш. райондорунан гана көрүнөт. Байкоо жүргүзүүнүн эң жакшы мезгили – март, апрель айлары.