Тармактык Энциклопедия:ТОП ЖЫЛДЫЗДАР

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
13:25, 20 -ноябрь (Жетинин айы) 2023 карата Kadyrm (Талкуулоо | салымдары) (1 версия) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку версиясы | Соңку версиясы (айырма) | Жаңыраак версиясы → (айырма)
Jump to navigation Jump to search
– асман сферасын аныктоо ж-а жылдыздарды белгилөө үчүн ыңгайлаштырып бөлүнгөн жылдыздуу асман бөлүктөрү. Жылдыздуу асман 88 топ жылдызга бөлүнүп, аларга мифтик баатырлардын, жаныбарлардын, буюмдардын ж. б-дын аттары коюлган. Кээде Т. ж-дан айырмалап, астеризм деп аталган Т. ж-га бөлүнөт. Т. ж-дагы эң жарык жылдыздарга Т. ж-дын аттары кошулуп грек тамгалары ( a, b, g, .... алардын жаркырактыгынан улам азайышна карата) м-н, начарыраактары латын тамгалары ж-а цифралары м-н белгиленет. Т. ж-дын чеги асман параллелдери м-н жантаюу тегерегин бойлой өтөт. Т. ж-дын аттарынын пайда болуу тарыхы толук изилденген эмес. Асман чүмкөгүн Т. ж-дын бөлүү – миңдеген жылдар созулган түрдүү илимий ж-а диний багыттардын күрөшүн чагылдырган татаал процесс.

Т. ж. м-н катар өзгөчө орунду Зодиак Т. ж-ы же зодиак алкагы ээлейт. Зодиак алкагы эки жагынан тең эклиптикага туташ. Зодиак Т. ж-ы пайда кылган алкактын ичинде Күн, Ай ж-а планеталар айланып жүрөт. Бир жылдагы Күндүн кыймылында Күн 12 Т. ж. удаалаш кесип өтөт. Алар Балык, Кой, Букачар, Эгиздер, Суу Чаян, Арстан, Бийкеч, Тараза, Чаян, Жаачы, Текечер ж-а Суу куйгуч. Так айтканда Күн бир жылдык кыймылында 13 Т. ж. туш болот. Чаян Т. ж-нан өтүп, 20 күнгө жакын Жыланчы топ жылдызында болуп, андан кийин гана Жаачы Т. ж-нан өтөт. Бирок Жыланчы Т. ж. зодиак жылдыздарына кирбейт. Байыркы убакта ж-а орто кылымда зодиактын белгилери б-ча адамдардын тагдырына таасир кылуучу жашырып ж-а кубаттуу сырын айтып келишкен. Ушунун негизинде астрология илими пайда болгон. Анын өкүлдөрү – астрологдор Т. ж-дын жайгашуу таблицасы б-ча туулган адамдардын тагдарын айтып берүүчү гороскопторду түзүшкөн.