Тармактык Энциклопедия:СУТКА

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
13:24, 20 -ноябрь (Жетинин айы) 2023 карата Kadyrm (Талкуулоо | салымдары) (1 версия) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку версиясы | Соңку версиясы (айырма) | Жаңыраак версиясы → (айырма)
Jump to navigation Jump to search
(day) – убакыт бирдиги. Ал 24 саатка барабар. Жылдыз С-сы ж-а Күн С-сына бөлүнөт. Жылдыз С-сы жазгы күн-түн теңелүү чекитиндеги удаалаш жогорку же төмөнкү кульминация болуп өткөн убакытка барабар. Жылдыз С-сынын башталышы катары кабыл алынган бул чектин жогорку кульминациясынын моменти жылдыз убактысынын 0 сааты деп эсептелет. Прецессия м-н нутациядан улам кайсы чекити алынганына жараша чыныгы ж-а орточо жылдыз С-сына бөлүнөт. Жазгы күн-түн теңелүү чекитинин прецессия кыймылынын натыйжасында орточо жылдыз С-сы Жердин чыныгы айлануусунан 0,0084 секга кем. Чыныгы жылдыз С-нын узактыгы туруксуз ж-а нутациянын натыйжасында дайыма өзгөрүп турат. Жылдыз С-сы практикада убакыт өлчөөгө ыңгайсыз, анткени күн-түндүн алмашуусу м-н дал келбейт. Ошондуктан тиричиликте Күндүн жогорку же төмөнкү кульминациясынын ортосундагы убакытка барабар Күн С-сы эсепке алынат.