Тармактык Энциклопедия:ПРИЗМАЛУУ АСТРОСПЕКТРОГРАФ
Jump to navigation
Jump to search
– асман телолорунун нурлануусунун спектрлерин сүрөткө тартып алуучу курал. Ал негизинен айнек призмадан же дифракциялык торчодон турат. Алардын жардамы м-н жарык нурлары спектрге ажыратылат. Астроспектрографтын чыгыш бөлүгүндө алынган нурлануунун спектри сүрөткө тартылып, ага изилдөө жүргүзүлөт. Изилдөөдөн асман телосунун физ. шарттары ж-а хим. курамы, магнит талаасынын чыңалышы ж. б. аныкталат.