Тармактык Энциклопедия:ПЛУТОН
Jump to navigation
Jump to search
(Pluto) – күн системасындагы чоң планеталардын бири. Аны 1930-ж. амер. астроном К. Томбо ачкан. П-дун физ. мүнөздөмөлөрү толук изилдене элек. Массасы Жердин массасынын 0,002 бөлүгүнө барабар деп болжолдонот. Күндөн аралыгы 39,5 а.б. Жерден байкаганда 15-жылдыз чоңдугунчалык чекит объектиндей болуп көрүнөт. П. Күндү өз орбитасы б-ча 247,7 жылда бир айланат, эклиптика тегиздигине кыйшаюу бурчу 17°. Башка планеталарга салыштырганда Күндөн өтө алыс ж-а жарыктанышы начар болгондуктан П-ду изилдөө өтө татаал. П-дун диаметри 3000 кмге жакын, бетинин темп-расы -220°. Атм-расы сейректелген ж-а негизинен газ абалындагы метандан турат. П-дун 1 жандоочусу бар. Анын диаметри 3 эсе кичине ж-а анын айланасында 20 000 км аралыкта айланат. 1 айлануусу 6,4 суткага барабар.