Тармактык Энциклопедия:ОРТОЧО КҮН

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
13:23, 20 -ноябрь (Жетинин айы) 2023 карата Kadyrm (Талкуулоо | салымдары) (1 версия) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку версиясы | Соңку версиясы (айырма) | Жаңыраак версиясы → (айырма)
Jump to navigation Jump to search
– жыл ичинде батыштан чыгышты карай бир калыпта жылдыздарды аралап Күн м-н бир мезгилде жазгы күн-түн теңелүү чекити аркылуу өтүп, асман экватору б-ча толук бир айланган чекит. Жердин орбита б-ча кыймылынын бир калыпта эместигинен, анын айлануу огунун орбита тегиздигине жантайышы жыл ичинде Күндүн түз чыгуусундагы өзгөрүшүнүн бир калыпта эместигинен, о. эле чыныгы күн суткасынын узактыгынын туруксуздугунан улам О. к. деген түшүнүк киргизилген.