Тармактык Энциклопедия:ОКУЛЯР
Jump to navigation
Jump to search
– оптикалык куралдын (микроскоп, телескоп ж. б.) негизги бөлүгүнүн бири. Объектив пайда кылган сүрөттөлүштү чоңойтуп көрсөтүү үчүн кызмат кылат. О. экиден кем эмес линзадан турат. О-дын алдыңкы линзасы талаа линзасы, арт жактагысы көз линзасы деп аталат. О-дын негизги оптикалык мүнөздөмөлөрү – көрүү талаасы ж-а анын алдыңкы, арткы фокустардагы абалдары. 1- окулярды 1609-ж. Г. Галилей жасаган. Азыр ал театр дүрбүлөрүндө гана колдонулат. 17-к-дын ортосунда Х. Гюйгенс, 18-к-дын акырында Д. Ж. Рамсден азыркыга чейин колдонулуп жүргөн О-ды жасашкан, к. Рамсден окуляры.