АСТРОНОМИЯЛЫК ПУНКТ

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
17:46, 5 Декабрь (Бештин айы) 2022 карата Kadyrm (Талкуулоо | салымдары) (→‎top: clean up, replaced: м-н → <span cat='ж.кыск' oldv='м-н'>менен</span> (2), ж-а → <span cat='ж.кыск' oldv='ж-а'>жана</span> (2)) тарабынан жасалган версия
Jump to navigation Jump to search

географиялык координаталары жана бир нерсеге карай багытталган азимуту астр. жол менен (асман жылдыздарына жүргүзүлгөн байкоолордун негизинде) аныкталган жер бетиндеги чекит. А. п. жер бетинде кирпич же бетондон тургузулган бийиктиги 1 м келген мамылар менен белгиленип, астр. байкоолор ошол чекиттен жүргүзүлөт. КМШ өлкөлөрүндө А. п-тар астр. аныктоолордун тактыгына карай 4 класска бөлүнөт. I, II класста гы А. п. 70‒100 км аралыкта болуп, Жердин келбетин жана көлөмүн аныктоо үчүн, III, IV класстагылары ар түрдүү аралыкта жайгашты рылып, жер бетинин топографиялык карталарын түшүрүүдө же геод. кээ бир изилдөөлөрдө пайдаланылат.